Алмазбек Атамбаев соцтармактын активдүү колдонуучуларын сыйлады

596

Алмазбек Атамбаевдин атынан активдүү интернет колдонуучуларга ыраазычылык кат тапшырылды. 22-февраль күнү КСДПынын кеңсесинде сыйлык тапшыруу болду. Ага КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Темирлан Султанбеков жана Ашера Халикова, партиялаштары, ошондой эле Атамбаевдин уулдары Сеид менен Кадыр катышты.

Ыраазычылык катта Алмазбек Атамбаевдин өзүнүн колу коюлган. Мындай сыйлык 15 социалдык тармактын колдонуучуларынын колуна тийди. Алар интернет мейкиндигинде жигердүү иш алып барып, социал-демократтардын принциптерине ишеним көрсөткөнү жана калк арасында демократиялык жана акыйкат ишенимдерин жайылтканы үчүн сыйланды.

Мындай жолугушуулар жана сыйлык тапшыруу мындан ары дагы уланарын белгилешти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь