Баткен жана Согди облустары кызматташуу боюнча иш-чаралар планына кол койду

305

22-февралда Баткен шаарында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун 2020-жылга кызматташуу иш-чаралар планы бекитилди. Ага КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кол койду.

Иш-чаралар планы 33 пункттан турат. Анда негизинен социалдык экономикалык кызматташуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана жаштар саясаты, үй-бүлө жана аялдар иштери, туризм, соода-экономикалык байланыш, ынтымак жана достукту бекемдөө, өзгөчө кырдаалдар жаатында чогуу аракеттенүү белгиленген.

Облус башчыларынын макулдашуусуна ылайык, алдыда бул иш-чаралар белгиленген мөөнөттө, биргелешип аткарылмакчы.

Аталган иш-чара эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров менен Азим Иброгим жетектеген чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу жыйынынын алкагында өттү. Ага эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров жана Азим Иброгим катышты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь