Кара-Балтада вандалдар белгилүү инсандардын сүрөттөрүн айрып кетишти

147

Кара-Балта шаарында белгисиз адамдар «Манас» спорттук комплексинде жайгашкан Ардак аллеясындагы белгилүү инсандардын сүрөттөрүн айрып кетишкен. Бул тууралуу «Turmush» сайтына жергиликтүү жашоочу билдирген.

Анын айтымында кылмышкерлер өлкөнүн спортунун өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсандардын порттерин жараксыз абалга келтиришкен.

«Бул адамдардын бардыгы эчак бул дүйнө менен кош айтышкан, бирок, кимдир-бирөөлөр ушундай жол менен алардын жаркын элесин булгайын деп чечкен го», – деп ачууланды аял.

Кара-Балталык жашоочу кылмышкерлерге чара көрүлмөйүн мындай тартип бузуулар улана берет го деп кооптонду.

Ал эми«Манас» спорттук комплексинин башчысы Айбек Аманбаев сүрөттөр өткөн жумада эле жаңыланганын билдирди.

“Бир нече күн мурда ушундай окуя орун алды. Бизде эркин күрөш боюнча мелдештер өтүп, ага 300-400дөй адам катышкан. Андыктан, ким муну кылганын аныктоо кыйыныраак болду. Мелдештерди уюштурган спорттук мектеп жоопкерчиликти өзүнө алып, порттреттерди кайра калыбына келтирип берди.”

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь