Кулагына кулакчын тагынып телефонун заряддаган жаранды ток уруп каза болду

3 199

Тайландда жергиликтүү жашоочу кулагына кулакчын (наушник) тагып, телефондун кубаттагычын сайганда ток урган.

35 жаштагы Супакхета Сарабундун денесин уктоочу бөлмөдөн табышты. Кулагынан кулакчындын баштары табылып, чубалгысы көкүрөгүндө жаткан.

Каргашалуу окуя болгонго чейин бир аз мурдараак Сарабун футболдук машыгуудан келген. Кошунасы Суравут Сукпанья эс алаып жаткан Сарабунга бир нече жолу смс жазып, бирок жооп келген эмес.

“Үч күндөн ашуун убакыт биз анын дайынын билген жокпуз. Анын мурдагы сүйлөшкөн кызы менден Супакхеттин үйүнө барып, андан кабар алып келүүмдү суранган. Үйүнө барсам эч ким эшикти ачкан жок. Дагы бир таанышым экөөбүз эшикти талкалап кирүүнү чечтик. Үйгө киргенде анын жансыз денесин көрдүк”,- деп айтып берди коңшусу.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь