“Секирүүгө чакырык”: Окуучулардын өмүрүнө коркунуч келтирген жаңы оюн тарады (ВИДЕО)

3 542

Дүйнөдө балдардын саламаттыгына коркунуч алып келген оюндардын түрү чыгып жатат. Башы Израилден тараган кезектеги кооптуу оюн көп өлкөлөргө жетти.

Мында үч өспүрүм катарга тизилип, ортодо эң кичинеси турат. Адегенде эки четиндегилер секирип, кийин ортодогу секирген учурда аны буттан чалып жыгытышат. Мындай кырдаалда ал башы менен кулап түшүп ар кандай жаракат алышы мүмкүн.

“Секирүүгө чакырык” оюнунан ондогон окуучу жаракат алып, каза болгондор катталганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Россияда WhatsApp аркылуу жаңы мектеп оюну тууралуу ата-энелерге эскертүүлөр берилүүдө.

Украинада дагы популярдуу болуп кеткендиктен, ата-энелер тынчсызданып жатышат дейт korrespondent.net сайты.

Correio Braziliense басылмасы аталган оюндан Бразилияда 16 жаштагы окуучу башы менен тийип каза болгонун жазды.

 

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь