Таласта 14 жаштагы бала селкинчекте ойноп жатып каза болду

674

Талас облусунда 14 жаштагы өспүрүм селкинчекте ойноп жатып каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБнен билдирди.

Каргашалуу окуя 19-февраль күнү түшкө маал Талас районунун Орто-Арык айылындагы үйлөрдүн биринде болгон.

“2006-жылы туулган бала колго жасалган селкинчекте ойноп жаткан. Ал аркандарга чырмалып калып муунуп каза болгон. Өспүрүм үчүнчү топтогу майып. Окуя болгон учурда үйдө эч ким болгон эмес”,- деп билдирет.

Ата-энеси үйгө кайтып келгенде уулунун жансыз денесин табышкан. Дароо милиция чакыртып, бирок соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь