Түркияда Ислам дүйнөсүндөгү эң ири китепкана ачылды (ВИДЕО)

351

20-февралда Анкарада Ислам дүйнөсүндөгү эң чоң китепкананын ачылышы болду. Китепкана Реджеп Тайип Эрдогандын демилгеси менен түзүлгөнүн islamnews.ru. жазып чыкты. Имарат Селжук, Осмон жана заманбап архитектура стилинде салынган.

Китепкана окурмандар үчүн күнү-түнү дем алышсыз иштейт. Бир эле учурда 5 миңдей окурманды тейлей алат. Китеп фондунда 4 миллион басылма жана 120 миллиондон ашуун электрондук файлдар камтылган.

Улуттук китепкананын ачылуу аземине Түркиянын жана Өзбекстандын президенттери катышты. Шавкат Мирзиёев жаңы китепканага 350дөн ашуун китеп белек кылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь