Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча Азия чемпиону болду

133

Кыргызстандык Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Балбан Улукбек Жолдошбеков 61 кг чейинки салмактык категорияда күрөштү. Ал казакстандык, ирандык, индиялык жана тажикстандык балбандарды жеңип алган.

Финалдык беттеште Жолдошбеков тажикстандык Мухамад Икромовду далысын тийгизип, таза артыкчылык менен утуп алды.

Эске салсак, буга чейин балбан Арсалан Будажапов Азия чемпиону болуп, алтын медаль тагынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь