Бишкекте эки милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

1 771

Бишкекте участкалык эки милиция кызматкери 7 миң сом пара алып жатып кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирет.

19-февраль күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына Р.И. аттуу жаран кайрылып, Биринчи май райондук милициясынын участкалык милиция кызматкерлери майда бейбаштык боюнча сотко чейинки тергөө ишинде оң чечим чыгаруу үчүн 10 миң сом пара талап кылганын билдирген.

Бул факт “Пара талап кылуу” беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

24-февраль күнү Бишкектин №3 балдар ооруканасынын аймагында 7 миң сом алып жаткан жеринен Биринчи май райондук милициясынын С.С. жана А.А. аттуу участкалык милиция кызматкерлери кармалды. ИИМдин Тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь