Кантта жашоочулар коңшусунун үйүнө ууруга кирген жигитти кармашты (ВИДЕО)

239

Кантта кошуналары ууруну кармап алышты. Уурдады делген жигит алтын, телефон жана планшетти катып алган. Жергиликтүү жашоочулар видеону Кактус.медиага жиберген.

Жашоочулардын айтымында, бүгүн Канттагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кошунасынын батирине бирөө келгенин угушкан. Ал үйдүн ээлери кечке чейин үйүндө болбоорун билишчү.

Алар коңшусунун үйүн карап коюга чыгышат, анда белгисиз жигит ылдый түшүп бара жактанын көрүкөн. Андан күмөн санаган жашоочулар токтотуп кармап калышкан. Милиция чакыртышып, укук коргоо органынын өкүлдөрү кошуналардын көзүнчө жигитке тинтүү кылышкан.

Шектелген жигиттин шымынан зер-буюмдар, планшет, уюлдук телефон жана батирдин ачкычын алып чыгышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь