Кытайда жапайы жаныбарлардын этин жегенге тыюу салынды

2 157

Бүткүл кытай элдик туруктуу комитети жапайы жаныбарларды мыйзамсыз сатууга жана COVID-2019 жугуштуу коронавирус жайылып жаткан кезде алардын этин жегенге тыюу салды. Бул туурасында Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.

24-февралда аталган комитет токтомду бир добуштан кабыл алды. Белгиленгендей, токтом жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

Буга чейин кытайлык окумуштуулар коронавирутсун келип чыгуу булагы бул – Ухандагы деңиз азыктары сатылган базардагы жапайы жаныбарлар болгонун аныкташкан.

Цзянси провинциясынын полициясы эпидемия тараган күндөн тарта жапайы жаратылышка каршы ондогон кылмыштын бетин ачып, 39 жаранды кармаган. Кармалгандар 819 жапайы жаныбарды жана 100,6 кг мыйзамсыз азыктарды сатууга шектелген.

Бүгүнкү күндө Кытайда коронавирустан көз жумгандардын саны 2663 адамга жетти.

 

 

Комментарии

  1. Бок соктун баарын жэген жапайылар . Жапайы жаныбарларды кандай кыйнап олтурушот допустим жыландарды, иттерди , крысаларды дагы ушул сыяктуу жаныбарларды тируу мойунча ыссык кайнаган сууда салып кыйнашат экен бул айбандарга ошон учун кудай жазалады деп божомолдосок да болот . А бирок это политика самом деле. Корановирус аркылуу кытайдын элин бут дуйно жузундогу чек аралардан изолировать этиш керек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь