Ошто шайлоо өткөрүү боюнча алгачкы штабдын отуруму өттү

179

Бүгүн, 25-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу иштери жана шайлоо өткөрүү боюнча алгачкы штабдын отуруму өттү. Түзүлгөн штабдын отурумуна Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, штабдын мүчөлөрү жана тиешелүү жетекчилер катышты.
Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча шаар мэринин буйругу чыгып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Калаа башчысы 76 шайлоо участкасында шайлоочуларга толук шарт түзүлүшү керектигин, электр энергиясы, тийиштүү кызматтар менен толук камсыздалышы көзөмөлдө болоорун билдирди.

Шайлоочулардын шайлоого катышуусуна толук шарт түзүлүшү керек. Бардык партияларга бирдей мамиле жасалышы шарт. Шайлоо ачык жана таза өтүшү керек. Биздин милдет шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүү. Ар бир шайлоо участкаларында түзүлгөн шарттар менен таанышабыз. Даярдыктык иштерине кайдыгер карабаңыздар”,-деди мэр Т.Сарыбашов.

Ош шаардык милициясына шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти сактоо, шайлоо участкаларын кайтаруу, материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь