Рамзан Кадыров мушкер Александр Емельяненко менен рингге чыкты

808

Аралаш уруш боюнча орусиялык мушкер Александр Емельяненко Чечнянын башчысы Рамзан Кадыров менен болгон машыгуусун жарыя кылды. Мушкер Грозный шаарында Магомед Исмаилов менен болчу беттешке даярданып жатат. Беттеш 3-апрелде өтөт.

Буга чейин Кадыров Емельяненко менен рингге чыгаарын убада кылган. Чечен Республикасынын президенти көп убакыттан бери Александр Емельяненко менен дос. Емельяненко аралаш урушта 36 беттеш өткөрүп, 28 ин жеңип жети жеңилүү ызасын тарткан. Бирөөсүндө тең чыгуу болгон.

Мушкердин акыркы беттеши тони Джонсон менен болуп аны жеңе алган эмес. Исмаилов 19 беттеш өткөрүп анын 16 сын жеңип, эки беттешин женилип калган. Эске сала кетсек Исмаилов күжүрмөн самбо, эркин күрөш боюнча спорт мастери.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь