Самаркандек айылындагы базарда 48 жаштагы тургунга тиешелүү болгон контейнерден түн ичинде белгисиз адамдар 1 тоннадан ашык арпасын уурдап кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты Баткен РИИБнин КЖБРне “уурулук” фактысы менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ошол эле айылдын 26 жаштагы 2 тургуну жана 22 жаштагы 1 тургуну кармалышкан. Ал эми келтирилген чыгымдар жабырлануучуга кайтарылып берилген.

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 97