Текебаевдин кескин сынына Абылгазиевдин басма сөз катчысы жооп берди

466

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев, “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин өкмөткө карата айткан сынына жооп берди.

Мухаммедкалый Абылгазиев Өмүрбек Текебаевдин өлкөдөгү кырдаал жөнүндө эмоционалдуу кебине жооп берүү зарыл эмес деп эсептейт.

Бир кыйла образдуу жана өтө субъективдүү баалоону башталып калган шайлоо алдындагы кампаниянын өңүтүнөн кароо керек. Анын үстүнө мыйзам менен көйгөйлөрүн алигиче чече элек саясатчынын абалын эске алуу зарыл. Биз Өмүрбек Текебаевдин жөнөкөй эле логикага туура келбеген, баарын – түкүргөн үчүн айыпты да, чет элдик студенттерди дагы, ал тургай логистикалык борборду да аралаштырып айткандарына түшүнүү менен мамиле кылабыз”,- дейт Султаналиев.

“Белгилүү болгондой, айрым саясатчылардын эс-тутуму өтө кыска болот. Мисалы, Кызыл Омполдогу уран кенин тарыхына байланыштуу Текебаев учурдагы Өкмөттүн иши ордунан чыкпай калганы катары көрсөтүүдө. Чындыгында кандай? Уранды чалгындоого лицензияны 2013-жылы Өкмөт берген. Ошол Өкмөттү ал кезде Текебаев алдыңкы ролду ойноп турган – башкаруучу коалиция түзгөнүн унутуп калдыбы? Ал эмне үчүн ошол учурда унчуккан жок? Анын кесиптештери жарандардын талкуусуна чыгарбастан, түкүрүк үчүн айып каралган чийки, чала иштелген Бузуулар жөнүндө кодексти кабыл алганда эмне үчүн анын үнүн уккан жокпуз? Анда эл парламент кандай жаңылыкты кабыл алып жатканын билген эмес. Учурдагы Өкмөт күчөтүлгөн тартипте күчүнө кирген Кодексти өзгөртүүгө, тартипти көзөмөлдөөнү жана айыпты өндүрүүнү ойлонуштуруп, чоң иштерди уюштурууга туура келди. Бирок Өкмөткө мураска калган, акырындык менен мина болуп жарыла турган өлкө үчүн кооптуу болгон мындай тизмени дагы атай берсе көп. Шайлоо жакындап, айрым саясатчыларда адаттагыдай чыңалуү башталганын түшүнүп турабыз. Коомчулук белгилүү саясий оюнчулар карасанатай максаттарды көздөп, премьер-министр Абылгазиевди мезгил-мезгили менен ар кыл талкууларга аралаштырып жана аны “отставкага” кетирип жатканына коомчулук көнүп калды. Парламенттик шайлоонун алдында мындай аракеттер күчөйт деп болжолдоого болот. Премьер-министр мындай жагдайга түшүнүү менен мамиле кылат жана баштагыдай эле күнүмдүк ишине басым коёт. Бул иштин жыйынтыгын алды менен бардык жарандар сезүүгө тийиш. Алардын баасы биринчи кезекте премьер-министр үчүн да маанилүү”,- деп айтылат өкмөт башчынын басма сөз катчысы тараткан маалыматта.

22-февралда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги “Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрү менен болгон жолугушууда, азыркы өкмөттү кескин сынга алган. Ал өз сөзүндө сүйлөп жатып, экономика тармагы, инвестиция жана өндүрүш тармагындагы өсүш болбой жатканына азыркы өкмөттү күнөөлөгөн.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь