Баңгизаттарды туруктуу иштетип жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Чүй облусунун баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Токтогул районунан баңгизат ташып келип иштетип жүргөн каналды аныктады.

Февраль айында Бишкекте баңгизат тобунун уюштуруучусу кармалып, андан Чүйгө жана борборго сатуу үчүн алып келген 2,15 кг гашиш алынган. Кармалган адам буга чейин бир нече жолу соттолгон 1971-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран болгон.

Мындан тышкары кылмыштуу топтун башка дагы мүчөлөрү кармалып, шектүүлөрдүн үйүн тинтүүгө алганда 1,3 кг гашиш табылды.

Мыйзамсыз жүгүртүлгөн баңгизаттын жалпы салмагы 3,45 кг болгон. Тергөө жүрүүдө.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 117