Бишкекте спортко бөлүнгөн миллиондогон акча уурдалды

829

Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгында бюджеттик каражатты уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиргендей, Бишкекте спортко деп бөлүнгөн ири суммадагы акча каражаты уурдалган.

Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Д.Д.Б. жооптуу адамдар менен бирге спортчулардын машыгууга чыгышын күбөлөндүргөн жасалма документтерди даярдоо аркылуу бюджеттик каражаттарды өздөрүнө системалуу түрдө ыйгарып алып турган, бирок ал машыгуулар уюштурулган эмес.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, жасалма кагаздардын негизинде бюджеттен 3 млн. сом уурдалган.

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде КЖБРге катталды.

 

Комментарии

  1. Кайсы жерде болбосун бут эле жерде уурдоо сатуу, чонток кызыкчылыгына байланыштуу иштер. Коррупцияга курошту Бийлик озунон, туугандарынан баштоо керек.

  2. Эмнеге эле балдарыбызга мелдештерге оз чонтогубуздон жол киресин толойбуз десе уурулар бар экенда.
    Алар бизге Акча болунбойт оз каражатынар мн баргыла дешет.
    Уурдап тапкан Акча адалбы Эми.

  3. Ысык Ата районунун Новопокровка айыл өкмөтүн да бир текшерип кетсеңер болот эле, жол суу, свет, жана башка бүт эле маселелерди эл өз чөнтөгүнөн чыгарып эле эптеп бүтүрүп келет. Миллиондор бөлүнөт деп угуп келебиз бирок кайда кеткени белгисиз.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь