Гүлзат Мамытбек жалган жалаа үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн

249

Жогорку сот Гүлзат Мамытбекдин мурдагы күйөөсү Талант Курманкуловду актады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирген.

Анын айтымында, Гүлзат Мамытбек Талант Курманкулов сабаганын айтып, милицияга кайрылган.

«Талант Курманкулов толук акталды. Гүлзат Мамытбекдин айткандары такталган жок. Эми биз жалган жалаа үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышын талап кылабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек өзүн «кыргыз деми» деп атап, мотивациялык окууларды өткөрүп келет.

Талант Курманкулов экөөнүн ортодо үч баласы бар.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь