Италияда жашаган кыргыз коронавирустан улам аларга карата мамиле өзгөрүп жатканын айтты

255

Италияда 15 жылдан бери жашаган кыргызстандык Болот Абдыкадыров Италияда азиат түспөлүндөгү жарандарга кандай мамиле жасалып жатканын видеого тартты. Анын айтымында коронавирус эпидемиясы анын үй-бүлөсүнө чоң таасирин тийгизди.

Абыдкадыров буга чейин Азиядан болгону үчүн бир дагы көйгөйгө туш келбегенин белгилейт.

Италияда кээ бир адамдар өздөрүн ушундай жийиркеничтүү жана адепсиз алып жүрүшөт! Өткөндө үй-бүлөбүз менен зоо дүкөнгө барганбыз. Ал жак абдан чоң болгондуктан, балдарыма көрсөтө турчу нерселер бар болчу. Коронавирутсан улам көпчүлүк адамдар бизден өздөрүн оолак алып качканы абдан жийиркеничтүү болду”, -дейт Болот.

Кандай гана кырдаал болбосун адам бойдон калгылачы деген кайрылуу жасады. 

Италия ☢️ Накипело❗❗❗Как же противно и бестактно ведут себя некоторые люди в Италии! Недавно ходили с семьёй в…

Опубликовано Абдыкадыровом Болотом Воскресенье, 9 февраля 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь