Каныкей Жунусова Нарын облустук медиа борборунун башкы директору болду

365

Каныкей Жунусова Нарын облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдирди.  

Каныкей Жунусова 1974-жылы туулган. Билими жогорку. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Жунусова 1998-2005-жылдары Нарын облустук телерадиокомпаниясында диктор, 2005-2013-жылдары КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасынын кабарчысы болуп иштеген. Ал эми, 2013-жылдан баштап, “Ала-Тоо 24” каналынын жооптуу чыгаруучу редактору болуп иштеп келе жаткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь