Кара-Сууда үй өрттөнүп 64 жаштагы киши каза болду

145

Ош облусунун Кара-Суу районунда турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык Папан айыл аймагына караштуу Ак-Буура-1 айылында болгон.

Жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, 45 чарчы метр чатыры, 9 чарчы метр бөлмөсү, 2 терезе жана үй буюмдары күйүп кеткен. Тилсиз жоодон 1956-жылкы киши каза болду.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Соңку бир сутка ичинде республиканын аймагында сегиз өрт кырсыгы катталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь