«Менин денем менин ишим» Бишкекте кайрадан жөө жүрүш өтөт

339

2020-жылдын 8-мартында Бишкекте аялдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка каршы аялдар тилектештик жүрүшү өтөт.

Маалыматка ылайык, жөө жүрүш 8-мартта саат 12:00дө Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде старт алат.

Эскерте кетсек, өткөн жылы аталган жөө жүрүш ызы-чуу менен коштолгон. Анда Кыргызстандагы кумсалардын укугун коргогон «Лабрис» аттуу уюм катышкан.

Алар жөө жүрүштө өзүлөрүнө таандык байрактарды көтөрүп чыгышкан.

Жөө жүрүшкө чыккандар “Мен онду төрөгүм келбейт”,  “Баш ийбейм, чай куйбайм”, «Тамак жасаба, арыктабы, баш ийбе», «Аял сенин ордуң ак үйдө» деген транспаранттарды көтөрүп коомчулукта талкуу кызуу болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь