Ошто 8 жашар бала каналга чөгүп кетти

170

Кечээ 25-февралда Ошто 8 жашар бала каналга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Латибжанов көчөсүндө каналга жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге 4 куткаруучу барып, 2012-жылы туулган баланын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь