Ош шаардык кеңештин шайлоосуна катышчу дагы бир партия анык болду (сүрөт)

876

Ош шаардык кеңешине “Улуу Журт” партиясы дагы ат салышат. Бул тууралуу партиянын төрагасы Арынбек Малабаев Ош шаарындагы партиянын конференциясын өткөрүп жатып билдирди.

Мурдагы транспорт министрдин айтымында жаңы түптөлгөн партиянын Ош шаарындагы шаардык кеңешке катышуу үчүн жергиликтүү партиянын мүчөлөрү, төраганын орун басары Мирлан Кубатбеков сунуш берген.

Учурда партиялар кайсы бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп калды. Ошол себептен сиздердин “өзүбүз иядеянын астында чогулдук” деген сунушту эске алып катышып көрөлү деп турабыз“,- деди Малабаев.

Жалпысынан “Улуу Журт” саясий партиясынын конференциясына 250 адам чогулуп алардын 72си талапкерликке бекиген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь