Тамакка ууланган Сапар Исаковдун азыркы абалы айтылды

352

Азыркы учурда Сапар Исаковдун саламаттыгы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Эртең менен анын абалы начарлаган. Азыр абалы туруктуу. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылат.

Эскерте кетсек, Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүп, анда мурдагы премьер-министрдин жактоочулары Исаков өзүн жаман сезип жаткандыгын, анын башы айланып, кусуп жана кан басымы жогорулап кеткендигин билдиришкен. Исаковдун саламаттыгына байланыштуу сот отуруму башка күнгө жылдырылды.

Жактоочу Нурбек Токтакунов билдиргендей, Исаков тамакка ууланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь