УЕФА: Коронавируска байланыштуу Евро-2020 мелдеши өтпөй калуу коркунучунда турат

358

Коронавирус кырдаалына байланыштуу футбол боюнча Евро-2020 мелдеши өтпөй калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу УЕФАнын вице-президенти Мишель Ува Rai Sport спорт телеканалына билдиргенин Eurosport жазат.

Ал, Европадагы коронавируска байланышкан кырдаал боюнча комментарий берип жатып, УЕФА кырдаалга көз салып жатканын айтып, коронавирустун жайылышы токтобой, улана берсе УЕФАнын баардык мелдештери токтотуларын билдирген.

“Биз мелдештерди токтотконго чейин жеткирбөөгө аракет кылабыз. Эгер кырдаал начарлап кетсе мелдештер өтпөй калат”, – деди.

Белгилей кетсек, Евро-2020 быйыл 12-июндан 12-июлга чейинки убакыт аралыгында  11 өлкөнүн 12 шаарында болуп өтөт. Айрым оюндар Римде өтүшү керек. Учурда Италияда коронавирустан алты адам каза болуп, 200дөн ашуун жуктуруп алгандар катталды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь