Э.Каптагаев калкты өбүшпөөгө чакырды

265

Коронавирустун алдын алууда азыр санитардык агартуу иштери маанилүү дейт Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаев.

Каптагаев коронавирустан сактанууда чек араларды жаап отуруп алуу мүмкүн эмес деген пикирде. Эң башкысы элди жөнү жок дүрбөгөндөн алыс болууга чакырды.

“Кытайды жабыш керек, бул жерде жүргөн кытай жарандарын чыгарыш керек… деп элди демитип, жүрөктүн үшүн алып, козута берүүдөн эч кандай пайда болбойт… Тетирисинче зыянга эле учурайбыз…элди дүрбөтүп, паникага сала берсек. Бүгүн бул оорунун очогу коңшу Иранда, андан ары Италияда, бул жагы Түштүк Кореяда да бар болуп калды… Дүйнөдө 37 мамлекетте катталып, баардыгы 80 миңге жакын оорукчан киши бар экен… Чек араны толук жаап, эчкимди киргизбей да, чыгарбай да отура албайбыз… Мүмкүн эмес… Ошондуктан, болгон күчтү азыр санитардык агартуу иштерине, анын ичинде жеке тазалыкка, коомдогу жүрүм-турумга үйрөтүү иштерине жумшоо абзел деп ойлойм… Опур-топур тойлорду, көп киши чогулган жыйындарды, оюн-зоокторду чектөө, учурашканда кучакташып, эркек-аял дебей өбүшкөндү да токтотуу зарылчылыгы бар”, -деп жазат.

Ошондой эле мамлекеттик органдарды шалаакылыкка жол бербей, тагылган милдеттерге жоопкерчиликтүү мамиле жасоого милдеттүү экенин эске салды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь