Үрүмчүдөн келген кырызстандык 40 студент үйлөрүнө чыгарылды

161

Бүгүн 26-февралда Үрүмчүдөн келген кырызстандык 40 студент 14 күндүк милдеттүү карантинден чыкты. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланып үйлөрүнө чыгарылганын саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Карантин убагында студенттер эки жолу анализ тапшырышып, коронавирустун симптомдорун аныкталган жок. Ошондой эле карантин учурунда алар менен медициналык кызматкерлер гана байланышта болуп турду.

Эске салсак, 13-февралда Үрүмчүдөгү кыргызстандык студенттер атайын автобустар менен Алматыдан Бишкекке жеткирилген.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь