Баткен жана Ош облусунда жер титиреди

211

26-февраль күнү саат 07:43тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2жер титирөө Кадамжай районунун Бел-Суу айылында 3 балл, Совет, Кыргыз-Кыштак жана Шуран айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ушул эле күнү саат 11:50дө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь