Бишкекте 19 жаштагы жигит “Народныйга” курал менен кирип барды

164

Бишкекте талап-тоноочулукка шектелген жигит кармалды. Ал 26-февраль күнү Жаш Гвардия проспектиси жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Народный” супермаркетине тапанча менен кирип барган.

Таңы саат бештер чамасында окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, кылмышкер күзөтчүнү көргөндө качып кеткенин билишти.

Супермаркетке тапанча менен кирген жигитти милиция Жибек Жолу проспектиси жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинен кармашкан. Шектүү жигит 2001-жылы туулган М.Д. экени аныкталды. Андан колго жасалган курал алынды.

Бул факт “тоноо” беренеси менен КЖБРге катталып, тергөө улантылууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь