Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдына оозу тигилген жаран пикетке чыкты

341

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдына оозу тигилген эркек киши келди. Ал камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун эркиндигин талап кылган. Бул тууралуу орусиялык Mash телеграмм-каналы жазды.

Саламан уулу Жаныбек өзү оозун тигип, жалгыз пикетке чыккан. Колуна көтөргөн плакатка “Садыр Жапаровго эркиндик, мен өлкөм үчүн, мекеним үчүн, жаркын келечек үчүн ачкачылык жарыялайм” деп жазган.

Саламан уулу Россиянын Якиманка району боюнча милиция бөлүмүнө алынып келинип, ал жактан эмнеге чыккандыгын колу менен жаңсап түшүндүргөн.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь