Окурман: Кара-Балта-Бишкек жолунда жол чырак бир айдан бери иштебей турат (ВИДЕО)

143

Бишкек-Кара-Балта жолундагы Беловодск айылында бир айдан бери жол чырак иштебей турат. Бул туурасында окурман Элдик медиага билдирди.

“Окуучулар эмес, чоң адамдар өтө албайт бул жолдон. Унаалар агылып жүрөт. Бир айга жакын убакыттан бери эч ким ушуга көңүл бурбай койду. Болбосо дал ушул жол чырактын жанында №3 орто мектеп жайгашкан”,- деп нааразы жергиликтүү тургун.

Жолдогу адам унааларды токтотуп, окуучуларды өткөрүп жатканын видеодон көрүүгө болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь