Сауд Арабия коронавирустан улам кичи ажылыкка тыюу салды

250

Сауд Арабия умра амалдарын жасоо үчүн башка өлкөлөрдөн Меккеге барган зыяратчыларды кабыл алууну убактылуу токтотту. Мындан тышкары коронавирус күч алган мамлекеттен келген туристтерге да өлкөгө кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип ТАСС  жазды.

Ошондой эле, Сауд Аравия коронавирус менен күрөшүүдө эл аралык уюмдарды, айрыкча Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмун колдоого даяр экендигин билдирди.

Мусулман коомчулугунда умра “кичи ажылык” деп аталып, адамдар каалаган учурда Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына барып, зыярат кылып келишет.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь