АКШга барган ЖК депутаттарынын маданиятсыздыгы соцтармактын колдонуучуларын кыжырдантты (фото)

359

Бир нече күн мурда ЖК депутаты Рыскелди Момбеков Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасына Вашингтонгго барган иш сапарында тартылган сүрөттөрү менен бөлүшкөн. Сүрөттөрдүн биринде чет элдик кесиптештери менен баарлашуу учурунда, аткаминер айымдын маңдайында колдорун чөнтөгүнө салып турган. Бул маалда анын кесиптеши Мирлан Маматалив дагы кимдир-бирөө менен маектешип жатып, бир бутун артка бүгүп трибунаны тээп турган.

«АКШдагы иш сапар алкагында азыркы визалык чектөөлөр боюнча маселени Улуттук Демократиялык институт жетекчилерине жана АКШнын конгресс өкүлдөрүнө жеткиликтүү жеткирип, кайра карап чыгуусун сурандык. Дагы алдыда үч күн бою бул маселени көпчүлүк, азчылык өкүлдөрү менен жолугушууда көтөрмөк болдук», – деп жазган Момбеков.

Ал ортодо Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучулары ата мекендик эл өкүлдөрүнүн мындай жүрүм-турумун туура эмес дешип, этиканын жөнөкөй эрежелерин унутушканын белгилешкен.

«Маданияттын туу чокусуна жетиптирбиз!!», – деп жазган колдонуучу сүрөттүн алдына.

«Койлор!», «Ош базарында жүргөнсүп», «Элита, буга эмне дейсиң?», «Биздин элита», – колдонуучулар сүрөткө ушул сыяктуу пикирлерин калтырышкан.

Булак: vesti.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь