Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга катышат

152

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга катышууга ниеттенүүдө. Бул туурасында анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Эске салсак, аталган жазык иши боюнча алдын ала угуу 2-мартка белгиленген.

Юристтин айтымында, Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотуна келүүгө каалоосун билдирген. Бирок анын ден-соолугунан көз каранды болорун кошумчалады.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурумга Атамбаев катышуудан баш тарткан.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь