Ирандын вице-президенти коронавируска кабылды

171

Ирандын аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча вице-президенти Масуме Эбтекар коронавирус жуктуруп алды. Мындай маалыматты IRNA агенттигине шилтеме берип  РБК жазды.

Эбтекар коронавируска карата анализ тапшырып, эртеси тесттин жыйынтыгында коронавирустун белгилери аныкталган. Учурда вице-президент ооруканага жаткырылды.

Эске салсак, 25-февралда Ирандын салалматтык сактоо министринин орун басары Ираджа Харирчи дагы коронавируска кабылганы кабарланган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюумунан билдиргендей, 27-февралга карата Иранда 141 коронавирусту жуктургандар аныкталган. 22 адам оорудан улам көз жумду.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь