Коронавирустан улам Кыргызстан олимпиадага лицензия берүүчү мелдешти өткөрүүдөн баш тартты

181

Кыргызстанда бир катар ири эл аралык мелдештер жылдырылганын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Агенттиктин директору Канат Аманкуловдун жетекчилиги менен өткөн чукул жыйындын негизинде, Кыргызстанда өтө турган бир катар ири эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу чечими кабыл алынды.

  • 2020-жылдын апрель айына мерчемделген Азия жана Окения чөлкөмүндө спорттогу кызытмага каршы аракеттер боюнча Өкмөттөр аралык жолугушуу. Бул иш-чарада ВАДА менен Кызытмага каршы эл аралык конвенцияга мүчө болгон мамлекеттердин Өкмөтү менен ВАДАнын өз ара кызматташтыгына тиешелүү бардык маанилүү маселелер каралат. Иш-чарага бул чөлкөмдөгү 35ге жакын мамлекеттин өкүлдөрү анын ичинде 15 мамлекеттин спорт министри жана ВАДАнын президенти катышат деп пландалган.
  • Шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча IV дивизиондун дүйнө чемпионаты (3-5 март, Бишкек шаары) жана башка эл аралык спорттук иш чаралар (2020-жылдын май айына чейин) жылдырылды.
  • Кыргызстанда өтө турган спорттук күрөш боюнча Азиянын лицензиялык мелдеши өткөрүлбөй калды (27-29 март, Бишкек шаары).

Мындай чечим коронавирустун дүйнөгө жайылышы менен байланыштуу кабыл алынды.

“Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн Мамагенттик спорт күйөрмандарынан кечирим сурайт. Эл аралык мелдештердин өтө турган күнү жана орду тууралуу так маалымат www. sport.gov.kg сайтына алдын-ала жайгаштырылат”, -деп айтылат маалыматта.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь