Коронавируска байланыштуу министр жума намазга баргандарды чектөөнү сунуштады

265

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус коркунучунан улам жума намазга катышкан адамдардын санын азайтууга чакырды. Министрлик мындай кат менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жана Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына кайрылды. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

«Биз намазга тыюу салууну эмес, ага катышкан адамдардын санын азайта турууну суранып жатабыз. Мен намазды үйдөн окуса деле болот деп ойлойм», – деди министр.

Ошондой эле тойлор менен ар кандай көңүл ачуучу иш-чаралардын санын кыскартуу сунуштары берилген. Чолпонбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү менен жолугуп, варианттар карала турганын айтты.

Өз кезегинде Максат ажы Токтомушев жумага барууга тыюу салууга шарият жол бербестигин жергиликтүү басылмалардын бирине айтты.

Жума намаз үйдө эмес, мечиттерде жамаат менен окулуучу намаз. Жөнөкөй күндөрү мечиттерге анчалык эл чогулбайт. Алладан корккон мусулман эркектер бул күнү мечиттерге келүүнү күтүшөт, кубанышат, ага барба дегенге шарият жол  бербейт. Министрликтин өтүнүчү эмес, Алланын буйругу бизге көбүрөөк маанилүү. Албетте, вирустун алдын алууга биз деле каршы эмеспиз. Бирок бир гана жума намаз учурунда коронавирус жугат деген ой болбош керек. Жакшылыкты ойлонуп, ар бир адам баардык жактан сак болсок, өзүбүзгө жакшы“,- деди Кыргызстандын муфтийи.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь