Монголиянын президенти Кытайга 30 миң кой берди

181

Монголиянын президенти Халтмагийн Баттулга 27-февралда Кытайга иш-сапары менен барды. Ал Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда 30 миң кой кытай элине берди.

Халтмагийн Баттулга коронавирус менен күрөшүп жаткан Кытайды колдоо максатында Си Цзиньпинге 30 миң кой белекке тартууланган сертификатты тапшырды.

Баттулга коронавирус күч алып жаткан учурда Кытайга визит жасаган саналуу чет элдик лидерлердин катарына кирди. Буга чейин февраль айынын башында Камбоджанын премьер-министри Самдек Техо Хун Сен Кытайга келип кеткен. Анын артынан эле Сербиянын вице-премьери жана тышкы иштер министри Кытай мамлекетинде болушкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь