Кытайга барган Монголиянын президенти, эки министри ооруканага жаткырылды

490

Монголиянын президенти Халтмагийн Баттулга жана аны коштоп барган делегация 27-февраль түнү Кытайдан келишти. Эми алар 14 күндүк карантинге жаткырылат.

Өлкөнүн президенти, тышкы иштер министри, өзгөчө кырдаалдар башкы башкармалыгынын башчысы Улан-Батордогу Баянзурх районундагы министрлер ооруканасына жаткырылды. Коштоп барган башка делегаттын мүчөлөрүн Жаргаланта санаторийине бөлдү.

Белгилей кетсек, Монголиянын президенти Халтмагийн Баттулга коронавирус күч алып жаткан учурда Кытайга визит жасаган саналуу чет элдик лидерлердин катарына кирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь