Ош мэри Сарыбашов: Шымыңызды чечип туруп отуруңузчу (ВИДЕО)

278

27-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жаңы курулуп жаткан балдар бакчаларынын курулуш иштерин текшерип чыкты.

Алгач Амир-Темир аймагындагы 100 орундуу балдар бакчасынын курулушуна барды. Куруучуларга шаар башчысы курулуштун эң негизги багыты сапатында жана балдарга болгон ыңгайлуулугунда экендигин баса белгилеп, шурптары сыртына чыгып, сапатсыз жасалган отургучтарга ачууланды.

“Өзүң  шымыңды чечип ушул олтургучтарга олтуруп көрчү”-деп курулуштун жетекчисине эскертүү берди калаа башчысы.

Учурда Ош шаарында 3 балдар бакчасынын курулушу жүрүп жатат. Амир-Темир жана Юго-Восток кичи райондордо жайгашкан балдар бакчасын март айынын аягына чейин шаардыктарга колдонууга беребиз. Эң негизгиси сапат, силерден суранарым ар бир куруучу аткарып жаткан ишин өз үйүнө кылган эмгек деп билиши шарт. Замандын талабына ылайыкташкан, балдардын уктоосуна, эс алуусуна, ойноосуна, билим алуусуна толук шарт түзүп, алардын келечеги үчүн куралы», – деди мэр.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь