Россияда 25 жаштагы кыргызстандык бала 35 жаштагы жердешин зордуктады

655

Россиянын Кировск шаарында кыргызстандык жигит өзүнүн жердешин зордуктады.

27-февралда аял киши милицияга чалып жардам сураган. Геолокация жардам сураган жаран Отрадное шаарынын автобекетинде экенин көрсөткөн. Жерине полиция кызматкерлери барганда, аялды таанышы туткунда кармап жатканын айткан.

Натыйжада жабырлануучу укук коргоо органынын өкүлдөрүн Кировск шаарындагы батирине алып барып, ал жактан 25 жаштагы кыздын жердешин кармашкан.

Белгилүү болгондой, түнкү саат экилер чамасында жигит 35 жаштагы тааныш келинди батирге алып барып, аны зордуктаган. Зөөкүр аялды сыртка чыгаргысы келген эмес.

Бирок ага карабастан келин качып чыгууга үлгүрүп, алдынан чыккан автобуска отуруп качкан. Отрадныйга жеткенде полицияга чалган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь