Сокулуктун тургуну тамакты жай жазайсың деп аялын өрттөп жиберди

286

Сокулук районунда үй-бүлөлүк жаңжал үрөй учурган окуя менен аяктады. Аялы түшкү тамакты жай жазаганы үчүн күйөөсү аны өлтүрүп салган.

Чүй ОИИББнен билдиргендей, 12-февралда Сокулук аймактык ооруканасына күйүк алган 42 жаштагы аял түшкөн. Аны жандандыруу бөлүмүнө жаткырышып, тилекке каршы өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Жабырлануучу эртеси күнү көз жумган.

Сокулук РИИБнин кызматкерлери шектүүнү кармашып, ал маркумдун жолдошу 46 жаштагы М.А. экени аныкталды. Ал “адам өлтүрүү” беренесинин негизинде, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча окуя болгон күнү күйөөсү үйгө мас болуп келген. Ал аялына түшкү тамак жасоосун суранып, аялы плитага бышырып баштаганда тезирээк даярдап бер деп талап кылган. Ачууланган киши аялына бензин чачып жиберет. Кийин тамакты газга бышыр деп талап кыла баштап, газды күйгүзгөндө аялды өрт алган.

Тергөө уланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь