“Чач” каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (ВИДЕО)

345

Криминалдык милициянын кызматкерлери “Чач” деген каймана ат менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты.

Бишкек ШИИББнин уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 26-февралда “мыйзамсыз баңгизат жасоо” беренеси менен сотко чейинки өндүрүштүк иштин алкагында алдын алуу иш-чарасын жүргүзгөн. УКТнын мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1988-жылы туулган М.Э. кармалды.

Анын чет элдин мамлекеттик номери тагылган «Тойота Камри» унаасына тинтүү жүргүзгөндө, белгисиз маркадагы ок атуучу курал алынган.

“Чач” каймана атуу М.Э. ШИИББке алып келе жатканда оозго алгыс сөздөрдү айтып, милицияларга каршылык көрсөткөн. Оондой эле милиция кызматкерлерине күч колдонорун айтып коркуткан.

Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь