“Бөрк ал десе баш алган” Окуучулардын чачын сызгыч менен ченеген сүрөт талкууда (сүрөт)

451

Өзбекстандын Джизак шаарында мугалим окуучулардын чачынын узундугун сызгыч менен ченеген. Мындай сүрөт интернет тармагына чыгып, коомчулуктун терс пикирин жаратты. №24 мектептин администрациясы текшерүү жүргүзгөндө, окуучуларды тактага чыгарып чачын ченешкен.

Элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов бул окуя боюнча пикирин билдирип, “бөрк ал десе, баш алган” макалын мисал келтирди.

“Элдик билим берүү министрлигинин бир дагы тапшырмасында чачты сызгыч менен ченеп, аны телеграм аркылуу таратуу милдети коюлган эмес. Кыязы, ким бирөө катуу аракет кылып иштеп жатканын көргөзгүсү келген окшойт”, -дейт министр Шерзод Шерматов.

Белгилей кетсек, “Өзбекстандын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин кабыл алууда өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча” мыйзам долбоору коммдук талкууга коюлган.

Ага ылайык жаңы мыйзамда “студенттерге диний форма кийүүгө тыюу салынат. Окуучуларга татуировка менен сабакка келүүгө, сакал коюп, 2-3см узун жана ачык түскө боёлгон чач менен жүрүүгө тыюу салынат. Ошондой эле кыздарга дагы денесине татуировка коюуга, чачынын түсүн жана бетин ачык боёгонго, кулагында бирден көп сөйкө тагынганга, узун тырмакка тыюу салынат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь