Кеминде өспүрүм жолдогу жаш баланы зордуктаган

243

Кемин райондук соту жаш баланы зордуктаган өспүрүмдү мажбурлап дарылоого жөнөттү. Бул тууралуу Чүй облустук прокуратурасынын өкүлү Нурлан Тагаев  24.kg агенттигине билдирген.

Анын айтымында, 16 жаштагы Э.Ж. жолдо бара жатаып Э.К. аттуу жаш балага жолуккан. Ага момпосуй жана алма берип алдап, андан соң өзүнүн шымын чечип жерге жайып баланы зордуктаган.

“Өспүрүмдүн акыл эсинин өрчүүсү артта калганы соттук отурумда белгилүү болду. Буга байланыштуу сот Э.Жга карата кылмыш ишин териштирүүнү токтотуп, өспүрүмдү Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага мажбурлап дарылоого жөнөттү”,– деп айтып берди Нурлан Тагаев.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь