Мындайды көргөн эмессиз! Комуз менен балалайкада ойнолгон кыргыз-орус күүлөрү (ВИДЕО)

286

27-февраль күнү кечинде Мамлекеттик Кремль сарайында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эки мамлекет башчылар Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Птуиндин катышуусунда өттү.

Президенттер өздөрүнүн куттуктоо сөзүндөрүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштыктын рухун жана стратегиялык өнөктөштүктү белгилешти. Баардык тармактагы кызматташтыктын интенсивдүү динамикасын канаттануу менен белгилешти.

Ачылыш аземинде эки өлкөнүн чыгармачыл коллективдери жана искусство ишмерлери өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Анда комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу менен Александар Николайчук эки өлкөнүн күүлөрүн эки улуттук аспапта ойноп, президенттердин кол чабуусуна татыды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь