Өзгөн аймактык ооруканасынын дарыгери жалган маалымат тараткандыгы үчүн элден кечирим сурады

301

Өзгөн аймактык ооруканасында дарыгер болуп иштеген Нурила Жамантай кызы «ооруканабызга коронавирус жуктурган бейтап келди» деген жалган маалыматы үчүн коомчулуктан кечирим сурады.
«Коронавируска шектелген бейтап Өзгөн аймактык ооруканасына жаткырылды деп тамашалап эле вотсап группага кетирип койгом. Мен ошентип айтып алганыма аябай өкүнүп жатам. Бул чындыкка туура келбейт. Кыргыз элимден кечирим сурайм », – деди дарыгер айым.

Башкы дарыгер Сатар Жусупов Өзгөн аймактык ооруканасында мындай вирус катталбаганын баса белгиледи.

«Социалдык тармакта тараган коронавирус тууралуу аудиодо эч кандай чындык жок. Ал жазууда дарыгер курбусу менен сүйлөшүп жатып, туура эмес маалыматты айтып алганын мойнуна алды. Биздин ооруканада буга чейин андай оору катталган эмес», – деди Жусупов.

Ош ОИИБден билдиргендей, социалдык тармактарга такталбаган маалымат таркаткандыгы боюнча факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кечээ, 28-февраль күнү социалдык тармактарга коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан адамдын ысымы аныкталган. Учурда тиешелүү маалыматтар чогултулуп, тергөө иштери башталды. Аталган факт Өзгөн РИИБ тарабынан текшерилип жатат. Маалыматты таркаткан адамга мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь