Актерлор Том Круз жана Саймон Пегг карантинге жаткырылды

242

Голливуд актеру Том Круз “Миссия невыполнима” тасмасынын 7-бөлүгүн тарткан кесиптештери менен бирге карантинге жаткырылды. Алардын арасында жүргөн актер Саймон Пегг бул жаңылык менен бөлүштү.

Анын айтымында, актерлор Венециядагы эң мыкты отелдердин бирине жаткырылды. Карантин кеминде 2-мартка чейин созулмак.

Алдын ала маалыматтар боюнча чыгармачыл топтун бири дагы вирусту жуктурган жок.

Том Круз тасмага тартылуу үчүн 20-февралда Венецияга келген, бирок Италияда коронавирус күч алгандыктан тасманы тартуунун токтотууга аргасыз болушкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь