Аянт бош калды. Милиция түнү менен күчөтүлгөн тартипте иштейт

226

Бишкектин борбордук бөлүгүндө милиция кызматкерлери Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду колдоп, митингге чыккан тарапташтарын таратты.

Митингдин катышуучулары Ак үй тарапка бет алгандан кийин алардын алдынан милиция кызматкерлеринин тосуп чыккан. Митингге келгендердин ичинен айрымдары милицияга таш ыргытып, милиция аларга суу чачып, кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонушту.

Митингге келгендер жогору көздөй ар кайсы тараптарга качып жөнөштү. Милиция кызматкерлери алардын артынан барып барын таратууну улантууда.

Саат 18:30да аянтта митингчилер калган жок.

“Массалык башаламандык орун алгандыктан, түнү менен күчөтүлгөн тартипте коомдук тартип көзөмөлгө алынат”,- деди милиция кызматкери.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь